Загрузка документа…
(КР Премьер-министринин 2017-жылдын 23-ноябры № 818 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 21-апрели № 182
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүндө кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 9-январындагы № 2 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча комиссиянын курамында:
- курамга төмөнкү адамдар киргизилсин:
Маматалиев Абдырахман Мадакимович - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы;
Дууланов Батырбек Дууланович - Республикалык жеке унаа ижарачылары жана айдоочулары коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча), Комиссиянын мүчөсү;
- Комиссиянын курамынан Т.Б.Мамытов чыгарылсын;
- "Исмаилов М.А." кызматында "мэрдин милдетин аткаруучу" деген сөздөр "биринчи вице-мэр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |