Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын

2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2014-жылдын 22-майы № 232

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 12-февралындагы № 67 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана башка укук коргоо органдарынын убактылуу кармоо жайларында медициналык кызмат көрсөтүүнүн Кыргыз Республикасы үчүн ыңгайлуу моделин куруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун курамында:

- ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Маматалиев Абдырахман Мадакимович, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси;

Калиев Марат Темирбекович, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчисинин орун басары;

Чалов Турсунбек Асаналиевич, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү;

Токтоналиев Рашид Рустиванович, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин оперативдик талдоо башкармалыгынын оперкызматкери, ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөсү;

- ведомстволор аралык жумушчу топтун курамынан Мамытов Т.Б., Чойбеков К.Н., Баев Э.К., Табалдиева Ч.С. чыгарылсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев