Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 28-июну № 303
Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына жана өз кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Батуев Н.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Каракол шаардык куткаруу кызматынын тобунун командири; |
Жанибек уулу М. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Жалал-Абад шаардык куткаруу кызматынын тобунун командири; |
Жумаев Р.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын башкы адиси; |
Насирбаев Т.Ж | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин Ош шаарындагы N 12 өрткө каршы бөлүгүнүн улук өрт өчүрүүчүсү; |
Светашев К.Ю. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун ширетүүчүсү. |
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
Андашев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттигинин "Итагар" кар көчкүлөр станциясынын начальниги; |
Төрөкулов Н.Н. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун 86123 аскер бөлүгүнүн издөө-куткаруу отрядынын штабынын начальниги; |
Шарипов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын алдындагы куткаруу отрядынын 3-бөлүмүнүн командиринин орун басары. |
Премьер-министр | А. Атамбаев |