КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 2-марты № 35
Бишкек шаардык соту 2009-жылдын 17-февралында "Маяк-2" ЖчКнын Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин жана Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Энергетика жана газ боюнча мамлекеттик инспекциянын үстүнөн нормативдик актынын айрым бөлүгүн жараксыз деп табуу жөнүндө берген доомат арызы боюнча талаштын предметине карата өз алдынча талаптарын билдирбеген үчүнчү жак катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн ишке тартуу тууралуу аныктама чыгарганына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-январындагы № 2 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин маселелери" жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомунун 2-пунктуна таянуу менен:
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигине караштуу Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин электр энергиясын бөлүштүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Садыков Рустам Гусейновичке аталган иш боюнча бардык соттук инстанциялардагы соттук заседаниелерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгууга ыйгарым укук берилсин жана ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ишеним кат берилсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары |
М.Сатыбеков |