Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 29-июну № 93
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин мурдагы кызматкерлеринин жамааттык кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды ар тараптуу иликтөө жана тактоо максатында:
1.Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Кандаурова Л.П.
| -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, комиссиянын төрагасы
|
Кыдыкманов Э.С. | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн эксперти, |
Жапыкеев С.А.
| -Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Коррупция башкармалыгынын прокурору (макулдашуу боюнча),
|
Курманов Д.Э. | -Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик кызматтагы мыйзамдуулукту контролдоо бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча),
|
Бекболиев Ж.Б.
| -Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматынын оперкызматкери.
|
2 .Комиссия он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин алдындагы Мамлекеттик ветеринария департаментинин мурдагы кызматкерлеринин кайрылуусунда көрсөтүлгөн фактыларды иликтесин жана тактасын жана жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна берсин.
Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр |
Н.Айтмурзаев |