Редакцияот 24.07.2009
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2009-жылдын 24-июлу № 108

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2009-жылдын 23-июлундагы тапшырмасына ылайык, "Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айыл округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 17-июлундагы № 459 токтомунун долбоорун макулдашуу жол-жобосун жүргүзүү жагдайын аныктоо максатында:

 1 Төмөнүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

Айтмурзаев Н.Т.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр, комиссиянын төрагасы,

Темирбоеа A.M.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары,комиссиянын төрагасынын орун басары,

Абдылдаева А.С.

 

- Өкмөтүнүн Аппаратынын документтик камсыздоо жана контролдоо бөлүмүнүн башчысы,

Иминов М.С.

 

укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы,

Кайназаров Р.Д.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жардамчысы,

Скобеев Е.Л.

 

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоону, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүм башчысынын орун басары

2. Комиссия бир жумалык мөөнөттө жогоруда аталган маселе боюнча кызматтык териштирүү жүргүзсүн жана жыйынтыгы боюнча маалымкат даярдасын жана аны Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кароосуна киргизилсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппарат

жетекчиси-министр

 

 

Н.Айтмурзаев