Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 5-сентябры № 430
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларында коммерциялык иштер үчүн пайдаланылуучу курулушу бүтпөгөн, пайдаланууга берилбеген объекттерге инвентаризация жүргүзүү жана техникалык иликтөө максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө иштердин жыйынтыгы боюнча тийиштүү сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Комиссияга зарыл учурда министрликтердин, ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды белгиленген тартипте ишке тартууга уруксат берилсин.
4. Комиссиянын ишин уюштуруучулук жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жүктөлсүн.
5. Командировкалык чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтомуна ылайык жүргүзүлсүн.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 430 буйругуна тиркеме |
Нурбашов Таалайбек Инашович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору, ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын төрагасы; |
Панкратов Олег Михайлович | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Шаршеналиев Бакыт Арстанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Ибраев Нурдин Турсуналиевич | - | Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары; |
Мамбетов Турдубек Мамбетович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Теңизбаева Эльбира Бакировна | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары; |
Максүтов Нурлан Болушбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары. |
|
|
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиянын
КУРАМЫ