Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУГУ
2013-жылдын 5-сентябры № 433
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 31-мартындагы № 141, 2016-жылдын 16-январындагы № 21, 2017-жылдын 27-февралындагы № 152, 2019-жылдын 28-январындагы № 28, 2021-жылдын 27-январындагы № 18 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 7-майындагы № 256 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жөнүндө жобонун 15-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкү адамдар бекитилсин:
Шаршенбеков Алмаз Камчыбекович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн эксперти; |
Бакиров Иса Калысович | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин экономика тармактарынын чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги; |
Акназаров Бекбосун Камчыбекович | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык медицина жана биотехнология факультетинин деканы. |
(Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2014-жылдын 31-мартындагы № 141, 2016-жылдын 16-январындагы № 21, 2017-жылдын 27-февралындагы № 152, 2019-жылдын 28-январындагы № 28, 2021-жылдын 27-январындагы № 18 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 719 буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |