Редакцияот 27.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 27-сентябры № 465

Ж.С. Турдубеков жөнүндө

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 6-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарынын мэри Турдубеков Жумадил Сабырбекович ээлеген кызматынан бошотулсун.

Негизи: Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун 2013-жылдын 3-июнундагы № Уд-1-183-13-ч8 өкүмү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата райондук прокуратурасынын 2013-жылдын 11-сентябрындагы № 11-06 көрсөтмөсү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 18-сентябрындагы № КК-06-716 сунушу.

 

Премьер-министр

Ж.Ж.Сатыбалдиев