КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 1-октябры № 472
К.К.Абдраков жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Кыргыз курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча илимий-изилдөө жана долбоорлоо институтунун директору Абдраков Кубанычбек Касмакунович Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 326-беренесинин 2-пунктуна ылайык ээлеген кызматынан бошотулсун.
Премьер-министр | Ж.Ж.Сатыбалдиев |