Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2013-жылдын 29-октябры № 502
Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн жана кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 89 жылдыгын майрамдоого карата, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
- милициянын подполковниги Колдошев Кубанычбек Ботобаевичке;
- милициянын майору Табалдиева Чолпон Сааданбековнага;
- милициянын капитаны Сагыналиев Исмайил Алмейсовичке;
- милициянын капитаны Турсунбаев Нарбек Абдрахмановичке.
2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен төмөнкүлөр сыйлансын:
- милициянын полковниги Алимбеков Анарбай Мамалатипович;
- милициянын подполковниги Алиев Аскат Саматбекович;
- милициянын майору Кочкоров Орунбай Абдырайимович.
Премьер-министр | А. Атамбаев |