Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2014-жылдын 20-ноябры № 203
Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы жана прокурордук көзөмөлдү күчөтүүгө өбөлгө болгон демилгелүүлүктү көрсөткөндүгү үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын түзүлгөн күнүнүн 90 жылдыгына байланыштуу төмөнкүлөр Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан энчилүү сааттар менен сыйлансын:
Акматова Нарынкүл Эсенбековна - Чүй облусунун Панфилов районунун прокурору;
Аракеев Арстаналы Мамырбекович - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын мамлекеттик айыптоону колдоо жана соттордогу өкүлчүлүк башкармалыгынын мамлекеттик айыптоону колдоо бөлүмүнүн улук прокурору;
Сулайманова Нургүл Жамалидиновна - Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү башкармалыгынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн прокурору;
Бодошов Барыктабас Исматович – Чүй облусунун Чүй районунун прокурорунун улук жардамчысы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Атамбаев |