КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 24-апрели ПУ N 136 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасында бошоп калган мамлекеттик кызматчылардын кесиптик жактан кайра даярдоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жоюлгандыгына,кайра уюшулгандыгына же кызмат орундарынын кыскаргандыгына байланыштуубошоп калган мамлекеттик кызматчылардын кесиптик потенциалынпайдалануу, аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылуу жана өлкөнүнэкономикалык өнүгүү процессине жигердүү тартуу максатында токтомкылам: 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жоюлгандыгына,кайра уюшулгандыгына же кызмат орундарынын кыскаргандыгына байланыштуубошоп калган мамлекеттик кызматчыларды кесиптик жактан кайра даярдоожана пайдалануу маселеси мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттиккызматты реформалоонун эњ маанилүү милдеттеринин бири болуп саналатдеп эсептелсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясыменен бирдикте бошоп калган мамлекеттик кызматчыларды пайдалануу жанакайра даярдоо жана аларды экономикалык өнүгүү процессине аралаштыруубоюнча Иш-чаралардын программасын (мындан ары Иш-чаралардынпрограммасы) бир айлык мөөнөттө даярдасын жана кабыл алсын, ал: бошоп калган мамлекеттик кызматчылардын кесиптик потенциалынмамлекеттик ишканалардын жана акцияларында мамлекеттин үлүшү баракционердик коомдордун системасында пайдаланууга; кайра даярдоо жана кийин тийиштүү бизнес-долбоорлорду финансылоожолу менен экономиканын ар кандай чөйрөсүндө чакан жана ортоөндүрүштөрдү түзүүгө багытталсын; – Иш-чаралардын программасын жүзөгө ашырууга жетекчилик кылуунужана жекече жоопкерчиликти Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин бирине жүктөсүн; – Иш-чаралардын программасын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл финансылыккаражаттарды издеп тапсын; – Иш-чаралардын программасын жүзөгө ашырууга мамлекеттик башкарууоргандарынын кызматкерлеринин санын кыскартуудан үнөмдөлгөн бюджеттиккаражатты жумшасын; – иш-чаралардын программасын жүзөгө ашыруу үчүн эл аралыкдонорлорду тартуу маселесин карасын. 3. Бошоп калган мамлекеттик кызматчыларды кесиптик жактан кайрадаярдоого Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ишкерликтиөнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссияга Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин резервдик фондунан 2.000.000 (эки миллион) сом бөлүнсүн. 4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Президенти А. Акаев