Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 2-майы № 214-т
Кыргыз Республикасынын калкына социалдык маанилүү товарларды сатуу аркылуу социалдык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9 жана 18-беренелерине, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары белгиленген тартипте:
1) индиялык өндүрүштөгү кум шекерди, 1 жана 2-сорттогу унду жана өсүмдүк майын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үчүн белгиленген баалар боюнча калкка сатууну (Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларынан) уюштурсун;
2) материалдык баалуулуктарды сатуудан түшкөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун эсебине жөнөтсүн.
2. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |