Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 30-марты № 146-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 307-б буйругунун колдонулушу 2016-жылдын 8-июлунан тартып токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы № 307-б буйругунун шарттарына ылайык "Касиет" камволдук-нооту фабрикасы" жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн карыздык милдеттенмени бузсун;
2) "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык акционердик коомунун 1997-жылдын 1-январындагы карыздык милдеттенмеси жана 2016-жылдын 8-июлундагы абалга карата 1997-жылдын 1-мартындагы карыздык милдеттенмеси боюнча карызы төмөнкү шарттарда калыбына келтирилсин:
- карыздын негизги суммалары боюнча төлөө мөөнөтү - 2018-жылдын 15-январынан тартып 2030-жылдын 15-январына чейин квартал сайын бирдей төлөмдөр менен;
- кредит пайдалануу үчүн төлөм - ушул тескеме күчүнө кирген күндөн тартып, карыздын негизги суммасына эсептелүүчү жылына 2,5 пайыз өлчөмүндө;
- пайыздарды төлөө - 2016-жылдын 15-январынан тартып 2030-жылдын 15-январына чейин;
- ушул тескеме чыккан күнгө карата эсептелген жана төлөнбөгөн пайыздар капиталдаштырылсын, мында капиталдаштырылган пайыздарды төлөө 2030-жылдын 15-январынан тартып 2035-жылдын 15-январына чейин пайыздарды эсептебестен квартал сайын бирдей төлөм менен жүргүзүлсүн;
- негизги сумма жана пайыздар боюнча төлөмдөрдүн мөөнөтү кечиктирилген учурда мөөнөтү кечиктирилген төлөмдүн суммасынан жылына 5 пайыз өлчөмүндө айыптык санкциялар белгиленсин;
- 2030-жылдын 15-январына чейинки мөөнөттө негизги сумма жана учурдагы эсептелген пайыздар боюнча карыз толугу менен төлөнгөндө капиталдаштырылган пайыздар боюнча карыз төлөндү деп эсептелсин;
3) "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык акционердик коому кайра түзүмдөштүрүү шартын бузган учурда карыздын бардык суммасын мажбурлап өндүрүүгө киришсин;
4) "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык акционердик коому менен күрөө жөнүндө келишим түзсүн.
3. "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) мурда түзүлгөн карыздык милдеттенмелер боюнча карыздын кайтарылышын камсыз кылуу;
2) "Кыргыз камволдук-нооту комбинаты" ачык акционердик коомунун карыздык милдеттенмелери боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоо үчүн 2016-жылдын 8-июлундагы абалга карата берилген күрөөлүк камсыздоону калыбына келтирүү жана белгиленген тартипте күрөө жөнүндө келишим түзүү.
4. Ушул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.У.Жапаров |