Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2023-жылдын 4-майы № 220-т

 

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

 

 2010-жылдын 19-ноябрында Санкт-Петербург шаарында кол коюлган Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо жаатында кызматташуу жана Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун 2-беренесине жана 1994-жылдын 9-сентябрында кол коюлган Евразия патенттик конвенциясына ылайык:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү болуп;

- Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп;

- Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин укук башкармалыгынын начальниги - Интеллектуалдык менчикти укуктук сактоо жана коргоо маселелери боюнча Мамлекеттер аралык кеңештеги жана Евразия патенттик уюмунун Административдик кеңешиндеги Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 746-т тескемесинин редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 331-б буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.У.Жапаров