Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 29-августу № 510-т
Бишкек шаарынын мэриясына жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Бажылык жөнгө салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине жана “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарынын мэриясы сатып алынган жүргүнчүлөрдү ташуучу автобустарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүдө аракеттерди жасагандыгы үчүн бажы жыйымдарын төлөөдөн бошотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ушул тескеменин 1-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |