Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 28-августу № 504-т
Иштин натыйжалуулугун андан ары жогорулатуу, контролдоо системасын күчөтүү, ошондой эле мамлекеттик мекеменин натыйжалуу ишин камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеггик агенттик менен биргеликте тиешелүү штаттык саны, мүлктүк комплекси, материалдык-техникалык жабдуулары менен "Алтын-Балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору" мекемесин Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын карамагына белгиленген тартипте өткөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- "Алтын-Балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору" мекемесинин уюштуруучусу катары чыксын;
- "Алтын-Балалык" ден соолукту калыбына келтирүү борбору" мекемесин юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон белгиленген тартипте өткөрсүн;
- ушул тескемеден келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
3. Тиешелүү мамлекеттик органдар ушул тескемеден келип чыгуучу маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |