Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 4-сентябры № 513-т
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мыйзам долбоорлоо ишин пландоо максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып 2024-жылдын 30-июнуна чейинки мезгилге мыйзам долбоорлоо иштеринин планы (мындан ары - План) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Планды ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар:
1) "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын камсыздоону эске алуу менен Планда каралган мыйзамдардын долбоорлорун белгиленген мөөнөттөрдө иштеп чыгууну камсыз кылсын;
2) эки жумалык мөөнөттө мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландарын бекитсин;
3) мыйзам долбоорлоо иштеринин ички ведомстволук пландары бекитилген күндөн тартып бир жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берсин;
4) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) Пландын аткарылышын контролдосун;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Планды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчетту берип турсун.
4. Мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ошондой эле жетекчилердин тейлөөчү орун басарларына Планда көрсөтүлгөн мыйзамдардын долбоорлорун өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын кароосуна киргизүү үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 517-т тескемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 115-т тескемеси.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги өкүлчүлүгүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У.Жапаров |
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 514-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ