Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 31-октябры № 662-т
Кыргыз Республикасынын жол каттамдарын өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Азия өнүктүрүү банкы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Ысык-Көл айланма автожолун жакшыртуу (узундугу 75,2 км Барскоон а. – Каракол ш. участогу жана узундугу 29,2 км Балбай Баатыр а. – Каракол ш. участогу) долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий делегациясынын атынан сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |