Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 16-ноябры № 699-т
Кыргыз Республикасынын жана Япониянын жарандарынын - дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлеринин өз ара сапарларынын географиясын кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги менен Япониянын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы Кыргыз Республикасынын жана Япониянын дипломаттык жана кызматтык/расмий паспортторунун ээлери үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу жөнүндө алмашуу ноталарынын тиркелген долбоорлору принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги япон тарапка кыргыз тараптын алмашуу нотасын жиберсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Долбоор |
КР - Япония
Вербалдык нота
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги Япониянын Тышкы иштер министрлигине өзүнүн урматын билдирүү менен жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети япониялык дипломаттык жана расмий паспорттордун ээлери үчүн дипломатиялык жана расмий визалык талаптарды жокко чыгарууга тиешелүү төмөнкү чараларды көрүүгө даяр экендигин билдирүү сыймыгына ээ:
1. Япониянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жарактуу дипломаттык же расмий паспорттору бар, Япония Өкмөтүнүн атынан дипломатиялык же консулдук функцияларды же кызматтык милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасына кирүүнү каалаган Япониянын жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган, аталган паспорттору бар жарандар үй-бүлө курамына ылайык Кыргыз Республикасында болуу узактыгына карабастан дипломатиялык же расмий виза албастан Кыргыз Республикасына кире алат.
2. (1) Япониянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жарактуу дипломаттык же расмий паспорттору бар, 1-пунктта көрсөтүлгөндөн башка максаттар жана катары менен токсон (90) күндөн ашпаган мезгилдин ичинде Кыргыз Республикасында болуу ниети менен Кыргыз Республикасына кирүүнү каалаган Япониянын жарандары Кыргыз Республикасына виза албастан кире алат.
(2) Жогоруда аталган (1) пунктчага ылайык визалык талаптарды жокко чыгаруу жумуш табуу же туруктуу жашоо же кесиптик же иштин башка түрү менен (анын ичинде финансылык пайда алуу менен байланышкан коомдук оюн-зоок жана спорттук иш-чаралар) алектенүү ниети менен Кыргыз Республикасына кирүүнү каалаган Япониянын бардык жарандарына колдонулбайт.
3. Япониянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жарактуу дипломаттык же расмий паспорттору бар, 1 жана 2-пункттарда көрсөтүлгөн максаттарда катары менен токсон (90) күндөн ашпаган мөөнөткө Кыргыз Республикасына кирүүнү каалаган Япониянын жарандары чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоосуз Кыргыз Республикасына кире алат.
4. Жогоруда аталган 1 жана 2-пункттарга ылайык визалык талаптарды жокко чыгаруу Кыргыз Республикасына келүүчү Япониянын жарандарын чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө, болуусуна, жашоого уруксат алуусуна, чыгуусуна жана аларды башка контролдоого тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ченемдик актыларын сактоо зарылдыгынан бошотпойт.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коомдук коопсуздукка, тартипке жана саламаттыкты сактоого тиешелүүлөрдү кошо алганда, мамлекеттик саясат боюнча жогоруда аталган чаралардын бардыгын же кандай болбосун бөлүгүн колдонууну убактылуу токтотуп туруу укугун өзүнө калтырат. Япониянын Өкмөтүнө дипломатиялык каналдар аркылуу кандай болбосун токтотуп туруу же жокко чыгаруу жөнүндө дароо кабарланат.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечиминин жүйөлөрүн түшүндүрбөстөн, Япониянын жагымсыз деп таанылган жарандарынын Кыргыз Республикасына кирүүсүнөн же болуусунан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Япония Өкмөтүнө отуз (30) күн мурда алдын ала жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүү менен жогоруда көрсөтүлгөн чараларды токтото алат.
8. Жогоруда көрсөтүлгөн чараларды ишке ашыруу Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен дипломаттык жана расмий паспорттору бар Япониянын жарандары үчүн визалык талаптарды жокко чыгаруу боюнча ички жол-жоболор аяктаганын ырастаган дипломатиялык нотаны алган датадан кийин токсон (90) күндөн кийин башталат.
Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилиги бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Япониянын Тышкы иштер министрлигине өзүнүн урматын тастыктайт.
Токио ш., 2023-жылдын "___" ____________
|
| Долбоор |
КР - Япония
Вербалдык нота
Япониянын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигине өзүнүн урматын билдирүү менен жана Япония Өкмөтү Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн дипломатиялык жана расмий визалык талаптарды жокко чыгарууга тиешелүү төмөнкү чараларды көрүүгө даяр экендигин билдирүү сыймыгына ээ:
1. Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы тарабынан берилген жарактуу дипломаттык же кызматтык паспорттору бар, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан дипломатиялык же консулдук функцияларды же кызматтык милдеттерди жүзөгө ашыруу максатында Японияга кирүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү болуп саналган, аталган паспорттору бар жарандар үй-бүлө курамына ылайык Японияда болуу узактыгына карабастан дипломатиялык же расмий виза албастан Японияга кире алат.
2. (1) Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы тарабынан берилген жарактуу дипломаттык же кызматтык паспорттору бар, 1-пунктта көрсөтүлгөндөн башка максаттар жана катары менен токсон (90) күндөн ашпаган мезгилдин ичинде Японияда болуу ниети менен Японияга кирүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары Японияга виза албастан кире алат.
(2) Жогоруда аталган (1) пунктчага ылайык визалык талаптарды жокко чыгаруу жумуш табуу же туруктуу жашоо же кесиптик же иштин башка түрү менен (анын ичинде финансылык пайда алуу менен байланышкан коомдук оюн-зоок жана спорттук иш-чаралар) алектенүү ниети менен Японияга кирүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын бардык жарандарына колдонулбайт.
3. Жогоруда аталган 1 жана 2-пункттарга ылайык визалык талаптарды жокко чыгаруу Японияга келүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө, болуусуна, жашоого уруксат алуусуна, чыгуусуна жана аларды башка контролдоого тиешелүү Япониянын мыйзамдарын жана ченемдик актыларын сактоо зарылдыгынан бошотпойт.
4. Япониянын Өкмөтү коомдук коопсуздукка, тартипке жана саламаттыкты сактоого тиешелүүлөрдү кошо алганда, мамлекеттик саясат боюнча жогоруда аталган чаралардын бардыгын же кандай болбосун бөлүгүн колдонууну убактылуу токтотуп туруу укугун өзүнө калтырат. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине дипломатиялык каналдар аркылуу токтотуп туруу же жокко чыгаруу жөнүндө дароо кабарланат.
5. Япониянын Өкмөтү өзүнүн чечиминин жүйөлөрүн түшүндүрбөстөн, Кыргыз Республикасынын жагымсыз деп таанылган жарандарынын Японияга кирүүсүнөн же болуусунан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
6. Япониянын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отуз (30) күн мурда алдын ала жазуу жүзүндөгү кабарлоону жөнөтүү менен жогоруда көрсөтүлгөн чараларды токтото алат.
7. Жогоруда көрсөтүлгөн чараларды ишке ашыруу Япониянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен дипломаттык жана расмий паспорттору бар Япониянын жарандары учун визалык талаптарды жокко чыгаруу боюнча ички жол-жоболор аяктаганын ырастаган дипломатиялык нотаны алган датадан кийин токсон (90) күндөн кийин башталат.
Япониянын Тышкы иштер министрлиги бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчилигине өзүнүн урматын тастыктайт.
Токио ш., 2023-жылдын "___" ___________