Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2023-жылдын 15-ноябры № 694-т
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 2, 4, 20, 25-статьяларына, "Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чоң-Сары-Ой айыл округу дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Санат" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесинин түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан жалпы аянты 3,19 га жер участогун мамлекеттик менчикке кабыл алсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы белгиленген тартипте ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогуна мамлекеттик менчик укуктарын каттоону жүзөгө ашырсын.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |