Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-октябры № 431-б
Курулушка жана алдын алуучу, жээк чыңдоочу, авариялык-калыбына келтирүүчү иштерди жүргүзүүгө, коргоочу курулмаларды күчөтүүгө жана суук түшкөнгө чейин иштерди өз учурунда жүргүзүүгө багытталган иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Финансы министирлиги:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык ачылган өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсепке республикалык бюджеттен 50 000 000 (элүү миллион) сом которсун;
-"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |