КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-октябры № 438-б
Ош шаарынын күнүн майрамдоого байланыштуу, Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон көп жылдык активдүү эмгеги жана салымы үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйлансын:
Калбаев Төлөнбай – Мамытович | "Благоустройство" коомдук бирикмесинин президенти; |
Жолдошов Кылычбек – Нурмаматович | Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги Кыргыз Республикасынын ИИМнин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, милициянын полковниги; |
Карамурзаева Турдуайым – Абсаматовна | А.Навои атындагы № 18 мектеп-гимназиянын директору. |
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ардак грамоталарын даярдоого байланышкан чыгымдар Ош шаарынын мэриясынын каражатынын эсебинен ишке ашырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |