Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-октябры № 440-б
(КР Өкмөтүнүн буйругунун 2014-жылдын 16-декабрындагы № 574-б редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда 2005-жылдын 13-сентябрындагы Техникалык-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча алынган курулуш материалдарын белгиленген тартипте бекер негизде тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткөрүп берсин.
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1 -пунктунда көрсөтүлгөн курулуш материалдарын кабыл алсын жана өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда аймактарда жана калктуу коңуштарда авариялык-калыбына келтирүү жана башка кечиктирилгис жумуштарды жүргузүүгө пайдалансын.
Премьер-министр |
|
Кытай Эл Республикасынын грантынын линиясы боюнча алынган, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине өткерүп берилүүчү курулуш материалдарынын ТИЗМЕГИ
(КР Өкмөтүнүн буйругунун 2014-жылдын 16-декабрындагы № 574-б редакциясына ылайык)
№ | Курулуш материалдардын | Жалпысаны | Жалпы |
| аталышы |
| суммасы(сом) |
1 | Арматура 10 | 20400 | 571 200,00 |
2 | Арматура 12 | 16220 | 454 160,00 |
3 | Тегерек болот 14 | 170299 | 4 76372,00 |
4 | Тегерек болот 16 | 87500 | 2 45000,00 |
5 | Фанера 5 мм | 1388,81 | 251 374,61 |
| Бардыгы: |
| 8 49106,61 |