Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 7-октябры № 446-б
«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:
1. Жалал-Абад облусунун Аксы районунун аймагында жайгашкан автомобиль жолдорунун төмөнкү участоктору муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которулсун:
- Кербен шаарынын Ниязалы көчөсүнүн жалпы узундугу 1,8 км жол участогу;
- Кербен шаарынын Жетиген көчөсүнүн узундугу 2,2 км жол участогу.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- бул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолдорунун участокторун баланска алсын;
- баланска алынган автомобиль жолдорунун участокторун 2014-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |