Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 13-октябры № 455-б
"Российский Инвестиционный Банк" ачык акционердик коомунун ишинин туруктуулугун камсыздоо жана банктык тобокелдиктерди жабуу үчүн керектүү капиталдык базасын колдоо, банк системасынын ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун бекемдөө, ошондой эле экономиканын реалдуу секторун насыялоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд номиналдык наркы боюнча бир акция учун 100 сом болгон саны 606 272 (алты жүз алты миң эки жүз жетимиш эки) даана "Российский Инвестиционный Банк" ачык акционердик коомунун экинчи эмиссиядагы акцияларынын 10 пайызын белгиленген тартипте сатып алсын.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна "Российский Инвестиционный Банк" ачык акционердик коомунун акцияларын сатып алуу үчүн 60 627 200 (алты миллион алты жүз жыйырма жети миң эки жүз) сомду төмөнкүлөрдөн түшкөн каражаттардын эсебинен бөлуп берсин:
"Российский Инвестиционный Банк" ачык акционердик коомунда жайгаштырылган, 2014-жылга Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мөөнөттүү депозиттери боюнча эсептелген пайыздардын 52 800 000 (элүү эки миллион сегиз жүз миң) сом өлчөмүндөгү кирешелеринин эсебинен;
"Российский Инвестиционный Банк" ачык акционердик коомунда жайгаштырылган, 2015-жылдын I кварталына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мөөнөттүү депозиттери боюнча эсептелген пайыздардын 7 827 200 (жети миллион сегиз жүз жыйырма жети миң эки жүз) сом өлчөмүндөгү кирешелеринин эсебинен;
2015-жылдын I кварталында 7 827 200 (жети миллион сегиз жүз жыйырма жети миң эки жүз) сомду төлөөнү ишке ашырсын;
"Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016 жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына белгиленген тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоору даярдалсын жана киргизилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты белүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |