КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 16-октябры № 461-б
Билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүүгө өзгөчө салым кошкондугу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана маданият кызматкери Касмамбетов Сапарбек Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын даярдоого чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |