Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 5-ноябры № 486-б
Баткен облусунун Лейлек районундагы Маргун айыл аймагындагы элдин жашоосунун сапатын жакшыртуу максатында, ошондой эле чарба ичиндеги ирригациялык курулма "Суткалык жөнгө салуучу Маргун бассейни (мындан ары - "Маргун" СЖСБ) Баткен облусунун Лейлек районунда чек ара жанындагы зонада тургандыгын эске алып, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд "Маргун" СЖСБни белгиленген тартипте мамлекеттик менчикке алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине оперативдүү башкарууга өткөруп берсин.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти "Маргун" СЖСБни Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын аткаргандан кийин оперативдүү башкарууга белгиленген тартипте кабыл алсын.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин сарптоолорун республикалык бюджеттен ассигнациялоонун көлөмүн "Маргун" СЖСБни эксплуатациялоо боюнча иштерди каржылоо үчүн 518 миң 825 сомго көбөйтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |