Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 346-б буйругунун редакциясына ылайык)

 2014-жылдын 12-ноябры № 500-б

Көмүр казып алуунун туруктуу өсүшүн камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

-көмүр казып алууга тараза жабдууларын жана ташууга кен транспорт техникасын сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына (мындан ары - "Кыргызкөмүр" МИ) 50,0 (элүү) миллион сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берсин;

-бюджеттик ссуданы төмөнкүдөй шарттарда кайтарып берүү боюнча "Кыргызкөмүр" МИси менен белгиленген тартипте карыздык милдеттенме түзсүн:

бюджеттик ссуданын кайтаруу мөенөтү 2016-жылдын 1-мартына чейин жеңилдетилген мезгили менен 2019-жылдын 15-декабрына чейин белгиленсин;

жабуу мөөнөтү бирдей ченемдүү төлөмдөр менен жыл ичинде үч жолу (март, октябрь жана декабрь) белгиленсин;

ссуда пайызсыз, күрөө камсыздоосун тариздөесүз;

мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылдык 3 пайыз өлчөмүндө мөөнөтү өткөн төлөмдөр үчүн финансылык санкция белгиленсин.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 346-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. "Кыргызкөмүр" МИси:

-"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тараза жабдууларын жана көмүрдү казып алуу жана ташуу үчүн кен транспорт техникасын сатып алсын;

-бул буйруктун 1-пунктунда белгиленген шарттарга ылайык бюджеттик ссуданын кайтарылышын камсыз кылсын.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-июлундагы № 346-б буйругунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги бюджеттик ссуданын максаттуу пайдаланылышын жана өз убагында кайтарылышын контролдоону камсыз кылсын.

Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнө  жай, отун-

энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмунө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев