Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 13-ноябры № 502-б
Илимий-техникалык жетишкендиктерди киргизүүнү тездетүү жана Бишкек шаарындагы "Калыс-Ордо" жаңы конушунда жалпы билим берүүчү мектеп объектисин куруу маселелерин иретке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Бишкек шаарындагы "Калыс-Ордо" жаңы конушунда "Tebian Electric Apparatus Stock Co" кытай компаниясы акысыз негизде бөлгөн каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жалпы билим берүүчү мектепти долбоорлоо жана куруу эл аралык стандарттарга жана инженердик камсыз кылуу системаларына, жалпы билим берүүчү
багыттагы имараттарды тургузуу боюнча прогресстүү технологиялардыжаңы көлөмдүү пландоо жана конструкциялык чечимдерди, жаңы курулушматериалдарын, конструкцияларды жана жабдууларды колдонгонэксперименттик долбоор (мындан ары - эксперименттүү объект) депэсептелсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Сейсмикалык курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту менен белгиленген тартипте келишим түзүү жана эксперименттүү объектини долбоорлоону жана курууну ишке ашыруунун натыйжалары жөнүндө отчет түзүү мониторингин ишке ашыруу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирге эксперименттүү объектини долбоорлоодо жана макулдашууда, курууда жана эксплуатацияга берүүдө Бишкек шаарынын мэриясына көмөк көрсөтүшсүн.
4. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" жана "Түндүкэлектр" ачык акционердик коомдоруна эксперименттүү объектини курууда долбоорго ылайыктуу талап кылынган электр энергиясынын кубатуулугун камсыз кылуу сунушталсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|