Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
БУЙРУГУ
2014-жылдын 11-ноябры № 494-б
"Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык;
1. Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө нускама ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы;
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын жалпы республика боюнча чогултууну уюштурсун жана өткөрсүн;
- Кыргыз Республикасынын жарандары 16 жаш куракка жеткен учурда же Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө документтерди алууда Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын туруктуу негизде чогултууну жүзөгө ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултууну жүзөгө ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүшсүн,
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри |
| Дж.Оторбаев |