Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-ноябрындагы № 494-б буйругу менен бекитилген |
|
|
Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо тартиби жөнүндө
НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 163-б буйругунун редакциясына ылайык)
1. Бул Нускама Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык маалыматтарын каттоонун тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын (мындан ары - биометрикалык маалыматтар) чогултуу, иштеп чыгуу жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо, жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Нускамага ылайык ишке ашырылат.
3. Бул Нускамада төмөнкү терминдер жана аныктамалар колдонулат:
маалымат тутуму - биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана коргоо үчүн программалык камсыздоонун жана техникалык каражаттардын топтому;
материалдык алып жүрүүчү - Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык жана жеке маалыматтары жөнүндө маалыматтарды жаздыруу, сактоо үчүн колдонулуучу корголгон электрондук алып жүрүүчү;
биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгуу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарды каттоо, топторго бөлүштүрүү, тосмолоо, сактоо жана колдонуу максатында ыйгарым укуктуу орган тарабынан электрондук каражаттардын жардамы менен аткарылуучу кайсы операция болбосун же операциялардын топтому;
биометрикалык маалыматтарды өткөрүп берүү - биометрикалык маалыматтар базасын түзүү жана андан ары иштеп чыгуу максатында байланыштын телекоммуникациялык каналдары боюнча же накталай жеткирип берүү каражаттары аркылуу бир түйүндөн экинчисине биометрикалык маалыматтарды ташуу, жеткирүү же өткөрүп берүү;
биометрикалык маалыматтарды топтоо пункту - ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүндө, Кыргыз Республикасынын дилломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, консулдук мекемелеринде жана башка жерлерде биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн жабдылган имарат (жай);
ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын калкын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
ыйгарым укуктуу адам - ыйгарым укуктуу органдын кызматкери, ошондой эле ыйгарым укуктуу орган тарабынан биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессине тартылган башка мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдардын жана мекемелердин" деген сөздөр менен толукталсын;органынын кызматкери;
биометрикалык маалыматтарды сактоо - ыйгарым укуктуу органдын биометрикалык маалыматтардын бүтүндүгүн, купуялуулугун жана корголуусун камсыздоо боюнча иш-аракеттери.

4. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттарында жүзөгө ашырылат.
5. "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык төмөнкү биометрикалык маалыматтар чогултууга, иштеп чыгууга жана сактоого жатат:
1) бетинин санариптик графикалык сүрөтү (фотосүрөт);
2) эки колунун манжаларынын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшү;
3) өз колу менен коюлган кол тамгасы.
6. Эки колдун манжаларынын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшүн чогултуу эки колдун манжаларынын тактарын алуучу сканер менен жүзөгө ашырылат.
Колдун бир же бир нече манжалары жок болсо колдорунда болгон манжаларынын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшү алынат, мында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан маалыматтар тутумуна тиешелүү белги коюлат.
Бир колу жок болсо, болгон колунун манжаларынын папиллярдык оймолорунун графикалык түзүлүшү алынат.
Эки колу тең жок болсо ушул Нускаманын 5-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн болгон биометрикалык маалыматтар чогултулат. Мында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан маалыматтар тутумуна тиешелүү жазуу киргизилет.
7. Өз колу менен коюлган кол тамганы алуу өз колу менен коюлган электрондук кол тамганы алуучу түзүлүш аркылуу жүзөгө ашырылат.
8. Биометрикалык маалыматтарды чогултууда курамына төмөнкүлөр кирген тиешелүү жабдуулардын топтому колдонулат:
1) эки колдун манжаларынын тактарын алуучу сканер;
2) бетти сүрөткө тартуучу түзүлүш;
3) өз колу менен коюлган электрондук кол тамганы алуучу түзүлүш;
4) жеке жана биометрикалык маалыматтарды киргизүүчү түзүлүш;
5) түзүлүштөрдүн топтомун сактоо жана ташып жүрүү үчүн контейнер;
6) жеке маалыматтардын корголгон материалдык алып жүрүүчүлөрү.
9. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу процессине Кыргыз Республикасынын "аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана мекемелердин" кызматкерлери тартылат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.
Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуу Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери тарабынан ишке ашырылат.

10. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу колдонуудагы 1994-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун же 2004-жылдын үлгүсүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун, же болбосо 2004 же 2006-жылдардын үлгүлөрүндөгү Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун негизинде ишке ашырылат.
1974-жылдын үлгүсүндөгү паспорттору бар жарандарды биометрикалык каттоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандыгы белгиленген тартипте аныкталгандан кийин жүргүзүлөт.
11. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык маалыматтарын чогултуунун жыйынтыгы боюнча белгиленген үлгүдөгү маалымкат берет.
Маалымкаттын үлгүсү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.
12. Чогултулган биометрикалык маалыматтар ыйгарым укуктуу органга байланыштын корголгон каналдары боюнча электрондук жол же маалыматтарды коргоо каражаттарын пайдалануу менен материалдык алып жүрүүчүлөр аркылуу өткөрүп берилет.
13. Ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын жарандарынын биометрикалык жана жеке маалыматтарынын чогултулушуна жана топтолушуна жараша туруктуу негизде биометрикалык маалыматтар базасын иштеп чыгууну жана актуалдаштырууну камсыздайт.
14. Ыйгарым укуктуу орган катталган биометрикалык маалыматтарда жупнусканы, так эместиктерди аныктоону, Кыргыз Республикасынын жарандарынын жеке маалыматтарында грамматикалык жана техникалык каталардын бар экендигин текшерүүнү жана контролдоону жүзөгө ашырат.
15. Биометрикалык маалыматтарды сактоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан туруктуу негизде атайын жабдууларды, материалдык алып жүрүүчүлөрдү пайдалануу жана маалыматты коргоочу каражаттарды колдонуу менен камсыздалат.
16. Чогултуу процессинде биометрикалык маалыматтар корголгон материалдык алып жүрүүчүлөрдө, жеке жана биометрикалык маалыматтарды киргизүүчү түзүлүштөрдө сакталат.
17. Биометрикалык маалыматтарды сактоонун шарттары алардын жоголуу, бурмалануу жана санкцияланбаган жетүү мүмкүнчүлүктөрүн жокко чыгарышы керек.
18. Биометрикалык маалыматтарды сактоо мөөнөтү чектелген эмес.
19. Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоону жүргүзүү боюнча иш-чараларды каржылоо мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат.
20. Ыйгарым укуктуу орган биометрикалык маалыматтарды чогултуу жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн ыйгарым укуктуу адамдар менен келишимдерди түзөт.
21. Биометрикалык маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана актуалдаштыруудагы жоопкерчилик ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 17-апрелиндеги № 163-б буйругунун, 2015-жылдын 10-августу № 565 токтомунун редакциясына ылайык)

Чет мамлекеттин аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары эгерде, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин жетекчилери Кыргыз Республикасынын калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына добуш берүү күнүнө чейин 55 календардык күндөн кечиктирбей шайлоочулардын тизмесин берген шартта Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо датасы аныкталганга чейин бир календардык жыл үчүн консулдук жыйымдарды жана иш жүзүндөгү чыгымдарга жыйымдарды албастан консулдук эсепке алынды деп саналат.
Чет мамлекеттин аймагында убактылуу жана туруктуу жашаган, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө же консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын, жарандары добуш берүүгө Кыргыз Республикасынын аймагында катышуу ниетин билдирген учурда добуш берүү күнүнө чейин 15 календардык күндөн кечиктирбей ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген форма боюнча шайлоо дарегин өзгөртүү ниети жөнүндө арызы менен тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине кайрылууга милдеттүү.