Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 17-ноябры № 505-б
Калктын социалдык аярлуу категорияларына социалдык колдоо жана азык-түлүк жагынан даректүү жардам берүү системасын андан ары өркүндөтүү максатында:
1. «Коомдоштуктарды социалдык жактан коргоонун улуттук системасын өнүктүрүүгө жана социалдык-экономикалык туруктуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүү» жөнүндөгү өнүктүрүү долбоору боюнча иш-чараларды аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы Өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумдун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан жогоруда аталган Меморандумга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|