Редакцияот 24.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 24-ноябры № 522-б

Кыргыз Республикасынын билим берүү системасынын өнүгүшүнө кошкон татыктуу салымы үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

 

1. Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарынын «Достук» мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору Тян Светлана Иннокентьевна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын даярдоо чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигининкаражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев