Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-ноябры № 523-б
Объекттерде кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 8 651000 (сегиз миллион алты жүз элүү бир миң) сом бөлүп берсин:
-2 000000 (эки миллион) сом Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айыл аймагынын Тегерек-Саз айылындагы Кызыл-Суу сайындагы ички чарбалык көпүрөнү калыбына келтирүүгө;
-1 600000 (бир миллион алты жүз миң) сом Баткен облусунун Исфана шаарындагы Дадасян көчөсүндөгү жөө адамдар өтүүчү көпүрөнү калыбына келтирүүгө;
-5 051 000 (беш миллион элүү бир миң) сом Ысык-Кол облусунун Тоң районунун Ак-Терек сайынын кирген сууларынан Кызыл-Туу айылын коргоочу тосмонун курулушуна.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана ушул буйруктун 1 - пунктуна ылайык көрсөтүлгөн объекттердин авариялык -калыбына келтирүү иштерин аткарууну камсыз кылсын.
Премьер-министр |
|