Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-ноябры № 526-б
1. “Электр станциялар" ачык акционердик коомуна 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинде республиканын керектөөчүлөрүн жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана жылытуу сезонунан ийгиликтүү өтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине:
- "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун бюджеттик ссуда боюнча ушул буйрукка кол коюлган күнгө карата мөөнөтү өткөн карызын өз ара эсептешүүлөрдүн салыштырып текшерүү актыларынын негизинде, негизги сумманы, мурда эсептелген бирок ушул буйрукка кол коюлган күнгө карата жоюлбаган пайыздарды жана айыптарды капиталдаштыруу аркылуу кайра түзүмдөштүрсүн.
Капиталдаштырылган сумманы жоюуну 2015-жылдын 30-январынан баштап 2015-жылдын 30-декабрына чейин капиталдаштырылган суммага пайыздарды эсептебестен ар айлык бирдей төлөмдөр менен жүргүзсүн;
- карыздык милдеттенмеге кошумча макулдашууну белгиленген тартипте тариздесин.
2. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна бюджеттик ссуданы карызды жоюу графигине ылайык кайтарууну камсыз кылуу сунушталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кең пайдалануу бөлумүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|