Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-ноябры № 528-б
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 98-т, тескеменин редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Арабиясы Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы 2014-жылдын 8-январында кол коюлган Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объекттерин куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 1-июлундагы № 103 Мыйзамы менен ратификацияланган Макулдашууну (мындан ары -Макулдашуу) аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4 жана 20-беренелерине ылайык:
1. «Кыргызстройсервис» Мамлекеттик ишканасы Бишкек шаарынын мэриясынын 2007-жылдын 1-октябрындагы №693 токтому менен «Кыргызстройсервис» Мамлекеттик ишканасына берилген 22,45 га аянттагы жерден Макулдашууга тиркелген жер участоктун жайгашуу схемасына ылайык 5,75 га аянт жер участокту өз алдынча бирдик катары белгиленген тартипте бөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 98-т, тескеменин редакциясына ылайык)
2. Бөлүнгөн 5,75 га аянттагы жер участок Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин объекттерин куруу үчүн 49 (кырк тогуз) жыл мөөнөтке, кийин дагы ушундай эле мөөнөткө узартуу менен Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигине акысыз пайдаланууга берилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 3-мартындагы № 98-т, тескеменин редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокко укукту ырастоочу документтерди белгиленген тартипте тариздесин.
4. «Кыргыздипсервис» Мамлекеттик ишканасы Сауд Арабиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигине төмөнкүдөй көмөк көрсөтсүн:
- ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокко укукту ырастоочу документтерди тариздөөдө;
- объекттерди долбоорлоого шарттарды алууда, долбоордук документтерди макулдашууда, курууга жана аларды ишке киргизүүгө уруксаттарды тариздөөдө.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташуу бөлумүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Дж.К.Оторбаев
|