Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-ноябры № 527-б
Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексининин 101-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын кызматкерлери үчүн 2014-жылдын 29-ноябры Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 115-беренесинде каралгап компенсациялоо менен жумуш күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарына жана Кыргыз Республикасынын Финансыминистрлигинин Борбордук казыначылыгынын агент-банктарына 2014-жылдын 29-ноябрын жумуш күнү деп жарыялоо сунушталсын.
Премьер-министр |
|