Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-ноябры № 525-б
Республиканын калкын жана экономика тармактарын 2014/2015-жылдын күз-кыш мезгилинде жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
-"Электр станциялар" ачык акционердик коомуна (мындан ары -"Электр станциялар" ААК) төмөнкү өлчөмдө бюджеттик ссуданы берсин:
2 200 000 000 (эки миллиард эки жүз миллион) сомду Казакстан Республикасынан Кыргыз Республикасына импорттолуучу электр энергиясынын наркын төлөө үчүн;
750 000 000 (жети жүз элүү миллион) сомду Бишкек шаарынын ЖЭБинин жана Ош шаарынын ЖЭБинин муктаждыктарына отун сатып алуу үчүн;
- "Электр станциялар" ААК менен темөнкү шарттарда карыздык милдеттенмелерди белгиленген тартипте түзсүн:
2 200 000 000 сомду жоюу мөөнөтү 2015-жылдын 1-июлунан баштап
2015-жылдын 1-декабрына чейин - 250 000 000 сом өлчөмүндө,
2016-жылдын 1-январынан баштап 2016-жылдын 1-декабрына чейин - 1 325 000 000 сом өлчөмүндө жана 2017-жылдын 31-январьшан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейин - 625 000 000 сом өлчөмүндө ар айлык төлөмдөр менен;
750 000 000 сомду жоюу мөөнөтү 2017-жылдын 31-январынан баштап 2017-Жылдын 31-декабрына чейин ар айлык төлөмдөр менен; күрөө менен камсыздоосуз, пайызсыз ссудалар;
айыптык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасынан жылына 3,0 пайыз;
- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджета жана 2015-2016-жылдарга божомол жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүдө ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды караштырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Электр станциялар" ААК тарабынан ушул буйруктун
1-пунктунда аталган бюджеттик ссудаларды максаттуу пайдалануусун жана өз убагында кайтаруусун контролдоону камсыз кылсын
Премьер-министр |
|