Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 27-ноябры № 530-б
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттикти жоюу процессин аяктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 97 жана 98-беренелерине ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттикти жоюунун расмий тилде тиркелген балансы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин алдындагы "Ала-Тоо Финанс" микрокредиттик агенттиктин иши токтотулгандыгын юстиция органдарында каттасын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|