Редакцияот 28.11.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 28-ноябры № 532-б

Өтөгөн эмгегин баалап, Илим күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин К.Дикамбаев атындагы дипломатиялык академиясынын окуу иштери боюнча проректору Осмоналиев Кайрат Медербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлансын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасын даярдоого байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин каражатынын эсебинен ишке ашырылсын.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев