Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 28-ноябры № 537-б
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы республикалык бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын аудитинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы республикалык бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын аудитинин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчету эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитета жана аткаруу бийлигинин башка органдары:
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы республикалык бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын аудитинин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы айкындаган кемчиликтерди жоюшсун;
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы республикалык бюджетин аткаруунун бузулууларына жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин карашсын;
- иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат беришсин;
- чыгашалар сметаларын иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын так карманышсын;
- электр жана жылуулук энергияларын керектөөнун бекитилген лимитин сакташсын.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги орто жана жогорку кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү
уюмдарынын штаттарынын типтүү долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Экметуне киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарынын штаттарынын типтүү. долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдетүү медициналык камсыздандыруу фонду базалык мамлекеттик медициналык камсыздандырууну бюджеттик каржылоо программаларынын минималдуу стандарттарын кайра караштырсын жана киргизсин.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- ведомствого караштуу маданият мекемелеринин штаттарынын типтүү долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен бирге маданият, искусство жана маалымат мекемелеринии кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттарын бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 9-январындагы № 16 «Маданият. искусство жана маалымат мекемелеринии кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн жаңы системасын киргизүү жөнүндө» токтомуна ылайык келтирсин.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коллегиясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын 2013-жылдагы республикалык бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыктарын караштырсын;
- бюджеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн коэффициентинин наркын эсептөөдөгү эске алуу бөлүгүндө тендештирүүчү гранттарды эсептөө методикасы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында түшүндүрүү ишин жүргүзсүн;
- орто мөөнөттүү мезгилге карата тендештирүүчү гранттарды эсептөө методикасы боюнча сунуштарды иштеп чыксын жана киргизсин;
- казыналыктын транзиттик эсептерин тейлөө боюнча келишимдердин шарттарык ыйгарым укуктуу банк-агенттердик сакташына жана бюджеттик классификацияга ылайык төлөмдөрдүн дайындалышына жараша казыналыктын региондук бөлүмдөрүнүн транзиттик эсебине бюджеттик каражаттардын өз убагында чегерилишине контролдукту күчөтсүн;
- 2013-жылдагы чыгашалар сметалары боюнча пайдаланылбаган каражаттардын калдыктарын, 2014-жылдын 1-январына карай кассадагы накталай акча каражаттарынын калдыктарын, эмгек акы төлөө боюнча ашыкча каралган суммаларды, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын отчетунда көрсөтүлгөн каражаггарды эсептөөдөгу ашыкча калдыктарды республикалык бюджетти каржылоодо эсепке алсын;
- Улуштук (өбөлгөлөөчү) гранттардын эсебинен каржылоонун тартиби жөнүндө жобонун жаңы редакциядагы долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин;
- тийиштүү жергиликтуүү өз алдынча башкаруу органдарынын өбөлгөлөөчү үлүштүк гранттардын эсебинен аткарылган куруучу-ондоочу иштердин наркынын белгиленген суммаларынан ашкан 7 920,9 миң сомдун Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине түшүүсүн камсыз кылсын;
- бүткүл тышкы финансылык жардам, анын ичинде Кыргыз Республикасына келип тушкөн техникалык жана гранттык жардам боюнча бирдиктүү техникалык депозитарийди аныктоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сунушун киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына мамлекеттик инвестициялардын жана техникалык жардам программаларынын долбоорлору. Кыргыз Республикасы тузгөн эл аралык келишимдер жөнүндө маалымат, мамлекеттик карыздын туруктуулук анализи жана алына турган мамлекеттик баалуу кагаздардын эммиссиялары тууралуу отчетторду жайгаштырсын:
- Орто мөөнөттүү мезгилдеги мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясынын долбоорун, Стратегиянын максаттарына жана милдеттерине жетишүүгө баа берүү жана анын мониторинга үчүн сандык көрсөткүчтөр системасын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте киргизсин;
- тышкы карыздын оордугун жеңилдетүү максатында туруктуу өнүгүү боюнча долбоорлорго учурдагы карызды алмашуу (своп) боюнча операцияларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыксын;
- мурда берилген гранттар, кредиттер жана ссудалар турундө карыз алуучулардын карыздарынын мөөнөтү өткөн суммаларын төлөө боюнча чара көрсүн;
- "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузууга жол берген карыз алуучударга кайталап кредит берүүгө тыюу салсын;
- укук коргоо органдарына "Татьяна и дети" дыйкан чарбасынын кредиттик иши боюнча материалдарды жана карыздык милдеттерди тариздөө жана байкоо боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондунун ишинин мыйзамдуулутун кароо үчүн анын карыздарын которуу боюнча материалдарды берсин;
- агроөнөр жай тармагынын карыз алуучуларына берилген кредиттердин, ссудалардын жана займдардын эсебин алуу системасын өркүндөтсүн;
- айыл чарба техникасы түрүндө "Кыргызайылтехсервис" лизинг компаниясы ачык акционердик коомуна берилген 79 691,7 миң сом суммасындагы мамлекеттик каражаттарды жоготуунун алдын алуу боюнча чара көрсүн;
- гранттар, кредиттер жана ссудалар боюнча мөөнөтү өткөн суммалар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүнө келип түшүүсүн өзүнчө жылдык план-болжолуна кошсун;
- финансылык жылга мамлекеттик сатып алуулардык жыйынды планын түзүү учун мамлекеттик сатып алуулардын пландарын белгиленген мөөнөттө түзүүдө жана берүүдө сатып алуучу уюмдар тарабынан "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын камсыз кылсын.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирге республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнө товардык-материалдык байлыктарды сатуудан алынган товардык-материалдык байлыктардын жана кирешелердин келип түшүүсүнүн эсебин алуунун жол-жобосун иштеп чыгышсын
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|