Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылы 23-январы № 37
Турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндөгү ишти жакшыртуу боюнча конкреттүү сунуштарды иштеп чыгуу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Фаттахов Б.А. - Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин статс-катчысы, жумушчу топтун жетекчиси (макулдашуу боюнча);
Бекиев Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Асангулов К.К. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Түмөнбаев А.Р. - Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары;
Аалиев А.К. - Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлигинин статс-катчысы;
Муллакелдиев Н.М. - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин айылды суу менен камсыздоо департаментинин башкы директору;
Асанакунов Б.Ж. - Кыргыз Республикасынын Шаарлар ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
Зарипов А. - Кыргызжилкоммунсоюздун төрагасы;
Мусабеков А.О. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча секторунун башчысы.
2. Жумушчу топ мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин талдоонун негизинде, эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен 2008-жылдын 20-февралына чейинки мөөнөттө тармактык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштерин координациялоочу, ошондой эле турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү боюнча зарыл функцияларды жана ыйгарым укуктарды ишке ашыруучу мамлекеттик органды аныктоо боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Жумушчу топко министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун, аткаруучу бийликтин башка органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана аймактык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |