Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 491-б буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 1-декабры № 542-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Айыл чарба, мал жана балык чарба чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Кыргыз Республикасынын биринчи вицe-премьер-министр Премьер-Mинистрдин милдетин аткаруучу | Т.Д.Сарпашев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтү (мындан ары - Тараптар) өз ара пайдалуу, өз ара кызыкчылыктардын негизинде жана бири-бирине урмат мамиле кылуу менен достук мамилелерди чыңдоого умтулуп, айыл чарбанын, мал жана балык чарбанын экономикалык өнүктүрүүдөгү жана жарандардын кирешелерин жогорулатуудагы негизги ролун түшүнүү менен кызматташууну күчөтүү жана айыл чарбага, мал жана балык чарбага инвестициялардын тартылышын өбөлгөлөө максатында төмөнкүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Маалымат алмашуу
Тараптар өздөрүнүн маалымат тутумдарына ылайык төмөнкүлөр боюнча маалымат алмашууну жүзөгө ашырат:
- айыл чарбага, мал жана балык чарбага; анын ичинде гранттык, насыялык, салыктык жана бажы эрежелери жана жоболору, айыл чарба саясаты боюнча инвестициялоонун шарттары;
- мүмкүн болуучу инвесторлор жана алардын ишинин багыты жана көлөмү жөнүндө алардын учурдагы статусу;
- айыл чарба, мал жана балык чарба чөйрөсүндөгү илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы.
такшалмалардын, конференциялардын, семинарлардын программалары жана башка тиешелуүү программалар.
2-берене
Кызматташуу
Тараптар төмөнкү багыттар боюнча кызматташат:
- айыл чарбага, мал жана балык чарбага инвестиция салуу үчүн биргелешкен семинарларды, симпозиумдарды, жолугушууларды жана бет ачаар долбоорлорун өткөрүү;
- айыл чарба, мал жана балык чарба чөйрөсүндө инвестициялык жана соода жарманкелерин уюштуруу;
- айыл чарбага, мал жана балык чарбага салынган инвестицияларды өздөштүрүүдө тоскоолдуктарды четтетүүгө багытталган иш-чараларды өткөрүү;
- айыл чарба инвестициялык долбоорлорун түзүүгө жана иштетүүгө инвесторлорду шыктандыруу.
3-берене
Өзгөчөлүктөр
Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучу болуп эсептелген башка эл аралык келишимдерден келип чыккан Тараптардын эрежелерин жана милдеттенмелерин козгобойт.
4-берене
Макулдашууга киргизилγγчγ оңдоолор
Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча ушул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар ушул Макулдашуунун 5-беренесине ылайык күчүнө кирүүчү ушул Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелген протоколдор менен таризделет.
5-берене
Макулдашууну аткаруу жана анын колдонуу мөөнөтү
Ушул Макулдашуу дипломатиялык каналдар боюнча анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболордун Тараптар жагынан аткарылгандыгы жөнүндө акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ушул макулдашуу мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө жана Тараптардын бири дипломатиялык каналдар боюнча ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө экинчи Тараптан жазуу жүзүнө билдирүү алган күндөн тартып алты ай өткөнгө чейин күчүндө калат.
Эгерде Тараптар башкача келишип алышпаса ушул Макулдашуунун колдонулушун токтотуу ага ылайык жүзөгө ашырылган ишке, ага ылайык башталган, бирок бүтпөй калган ишке карата жайылтылбайт. Анын эрежелери ушул Макулдашуунун алкагында башталган бардык долбоорлор жана иш-чаралар үчүн күчүндө кала берет.
2014-жылдын « -------« -----------------------, ------------------- шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, араб, орус жана англис тилинде түзүлгөн, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелееде пикир келишпестиктер пайда болгон учурда англис тилиндеги текст колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министри
| Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн атынан Сауд Аравия Королдугунун Айыл чарба министри |