Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 1-февралы N 68
1.Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коллегия мүчөлүгүнө төмөнкү адамдар бекитилсин:
Иминов Махамаджан Саитович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмүнүн башчысы; |
Мамидинова Чинара Кудайбердиевна | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам чыгаруу ишмердигин координациялоо боюнча борборунун директору; |
Молдобаев Асылбек Раимович | - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментинин начальнигинин орун басары. |
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин коллегиясынын курамынан С.С.Абдрахманов, А.Ш.Шамкеев, Э.Б.Искаков чыгарылсын.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2005-жылдын 10-февралындагы N 71 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 21-августундагы N 480 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2006-жылдын 14-январындагы N 16 буйругу.
Премьер-министри | И.Чудинов |