Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2008-жылдын 21-февралы № 121
Ак-ниеттүү жана үлгүлүү кызматы үчүн жана Мекенди коргоочунун күнүн майрамдоонун урматына:
Төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
милициянын полковниги Кыдыралиев Артур Качкынбаевичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлер командачылыгын камсыздоочу бөлүмдөрүнүн финансы-ооруктук башкармалыгынын азык-түлүк кызматынын начальниги;
полковник Черикбаев Рыскул Мукашевичке, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргонуу күчтөрүнүн командачысынын башкы инженери - бөлүм начальниги;
полковник Мадымаров Таир Камбаровичке, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Бишкек жогорку аскердик окуу жайынын кафедрасынын окутуучусу;
баңгизаттарды контролдоо боюнча кызматтын полковниги Илипаев Жалил Аскаровичке, Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин тергөө башкармалыгынын начальниги;
баңгизаттарды контролдоо боюнча кызматтын полковниги Бапанов Ринат Шаршенбековичке, Кыргыз Республикасынын Баңгизатка контролдук агенттигинин кадрлар кызматынын начальниги;
гвардия полковниги Окошев Табалды Аскаровичке, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын аба-десанттык даярдоо боюнча отрядынын командиринин орун басары;
подполковник Давлеталиев Ибраим Сатаровичке, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы бөлүмүнүн начальниги;
подполковник Скобеев Егор Леонидовичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн референти;
ички кызматтын майору Эгембердиев Аскат Раимжановичке, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын издөө жана көзөмөлдөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
милициянын майору Урбаев Абдыганы Муктаровичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Чүй облусунун Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын Маевка поселоктук бөлүмүнүн милициянын участоктук инспектору;
милициянын майору Шаршенов Мирлан Жапаровичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иштер башкы башкармалыгынын патрулдук-посттук кызмат полкунун күжүрмөн жана атайын даярдоо боюнча улук инспектору;
ички кызматтын майору Раманкулов Бактыбек Манбеткуловичке, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын N 21 мекемесинин медициналык бөлүгүнүн начальниги;
гвардия капитаны Батырканова Чынаркүл Шаршеевнага, Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын финансы-эсеп бөлүмүнүн начальнигинин жардамчысы;
милициянын лейтенанты Абас уулу Тынчтыкбекке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн "Борбор" милициянын шаардык бөлүмүнүн милициянын участоктук инспектору;
юстициянын лейтенанты Бекбасаров Максат Рафиковичке, Кыргыз Республикасынын Чегара кызматынын юридика бөлүмүнүн офицери;
улук прапорщик Танашев Адилбек Көчкөнбаевичке, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 92843-аскердик бөлүгүнүн ремонттук тобунун командири;
улук прапорщик Байгазиев Нурлан Ленбаевичке, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча департаментин камсыздоо жана тейлөө ротасынын инженердик-техникалык күзөттүк каражаттарды ремонттоо жана тейлөө боюнча борбордук көчмө мастерскойунун улук техниги;
прапорщик Өмүралиев Кенжебек Боскоевичке, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 86123-аскердик бөлүгүнүн издөөчү-куткаруучу тобунун командири;
улук сержант Кошалиев Улан Рыспековичке, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын өрт өчүрүүчүсү,
Сатыбалдиев Таалайбек Закировичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын өздүк курам менен иштөө боюнча секторунун башкы инспектору;
Мамбеталиев Таштан Назыралиевичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полициянын оперативдүү-издөө бөлүмүнүн начальниги;
Кайназаров Руслан Жумабековичке, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин жардамчысы;
Оморов Адыл Нарбаевичке Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Кыргыз улуттук аскердик лицейинин тир начальниги.
Премьер-министри | И.Чудинов
|