Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 8-декабры № 559-б
Баткен облусунун өзгөчө статуска ээ айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча социалдык маселелерди чечүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 29-июнундагы № 2195-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүу боюнча Мамлекеттик программаны ишке ашырууга каралган каражаттардын эсебинен 23,5 млн сом бөлсүн, алардын ичинен:
Баткен облусунун Баткен районундагы Бел-Сөгөт-Бөжөй автомобиль жолуна шагыл таш төшөө иштерин аяктоого -15,0 млн сом;
Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Өрүк айылынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүктөрүн курууга - 3,5 млн сом;
Баткен облусунун Баткен районундагы Кек-Таш айылына бала бакча курууга - 5,0 млн сом.
2. Мамлекеттик тапшырыкчылар болуп төмөнкүлөр аныкталсын:
- Баткен облусунун Баткен районундагы Бел-Сөгөт-Бөжөй автомобиль жолуна шагыл таш төшөө иштерин аяктоо боюнча - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;
- Баткен облусунун Баткен районундагы Миң-Өрүк айылынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн суу түтүктөрүн куруу жана Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылына бала бакча куруу боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүңө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти
3. Мамлекеттик тапшырыкчылар товарларды, жумуштарды жана кызмат керсетүүлөрдү сатьш алууну "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ишке ашырышсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү, транспорт, курулуш жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|