Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР - МИНИСТРИ
БУЙРУК
2008-жылдын 4-апрели № 182
Б.С.Абдубалиев жана К.А.Аманов жөнүндө
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2007-жылдын 27-июлунда чыгарылган, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2007-жылдын 24-декабрындагы токтому менен күчүндө калтырылган чечимин аткаруу максатында:
1. Абдубалиев Болотбек Сыдыкбекович Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы транспорттук инспекторунун кызматына кайрадан орноштурулсун.
2. Абдубалиев Болотбек Сыдыкбекович мурдагы кызматына кайра орноштурулганына байланыштуу Аманов Кубанычбек Абдылдаевич Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Кыргыз Республикасынын Башкы транспорттук инспекторунун кызматынан бошотулсун.
Премьер-министри
| И.Чудинов
|