РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-декабрындагы 565-б (КМШнын Экономикалык кеңешинин 64-жыйынына катышуу жөнүндө) буйругу

Редакция11.12.2014 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 11-декабры № 565-б

Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2014-жылдын 12-декабрында болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин 64-жыйынына катышуу үчүн:

1. Кыргыз Республикасынын делегациясы тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн:

2. КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Асанкожоева Зина Мукаевнага КМШнын Экономикалык кеңешинин жогоруда аталган жыйынынын чечимдерине кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

3. Командировкалык чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 "Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө" токтому менен белгиленген ченемдерге ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн.

Тиркеме

Москва шаарында (Россия Федерациясы) 2014-жылдын 12-декабрында болуучу КМШнын Экономикалык кеңешинин 64-жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы

 

Асанкожоева Зина Мукаевна

- КМШнын Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссияда Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү, делегациянын башчысы;

Ибраев Данил Турсунбекович

- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;

Сыдыкова Гүлмира Ракыевна

- Кыргыз Республикасынын Аппаратынын эл аралык кызматташык бөлүмүнүн эксперти;

Мулкубатова Чолпон Токтобаевна

- Кыргыз Республиасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин биринчи катчысы.

 

* - Москва шаарына 2014-жылдын 10-12 декабрында командировкага жиберилет.

 

Премьер-министр

Дж.К.Оторбаев